ИИМ: "Акыркы коңгуроодо" жол коопсуздугун камсыздоо ыкчамдайт
Новость

Ички иштер министрлиги жол коопсуздугун камсыздоону ыкчамдатмай болду. Өзгөчө өспүрүмдөрдүн катышуусунда болгон жол кырсыктарынан кийин өлкөдөгү баардык мектептерге милиция кызматкерлери бекитилди. Алар окуучунун мектепке жана үйүнө коопсуз жетүүсүн камсыздайт жана жолдо жүрүүнүн эрежелери тууралуу окууларды өткөрөт. Ошону менен бирге 500дөн ашык мектептин тегерегинде жол белгилери, жол чырактары орнотулмай болду. Ал эми 25-май акыркы коңгуроо күнү өлкө аймагында 4 миңден ашык милиция кызматкери коомдук коопсуздукту камсыздайт.

POST1RIGHT

Өспүрүмдөр жол кырсыктарына кабылган учурлар көп орун алгандыгына байланыштуу милиция кызматкерлери окуучуларды минтип жолдон өткөрүп жатышат. Окуучулардын коопсуздугун камсыздоо үчүн тартылган тартип сакчылары өлкөнүн баардык мектептеринде иш алып барууда. Милиция кызматкерлери окуучуларды жолдон коопсуз өткөрүп гана койбостон жол эрежелери боюнча да сабак өтүүдө. Антпесе айрым учурда дал ушул жол эрежесин билбегендиктен же кенебестиктен жол кырсыгына кабылган учурлар көп.

“Ички иштер министрлиги, билим берүү жана илим министрлиги менен биргеликте комплекстүү иш чараларды иштеп чыгып, республиканын аймагындагы 2238 мектептин баарына милиция кызматкерлерин жооптуу кылып бекитти. Бул милиция кызматкерлери милдети окуучунун үйдөн мектепке, мектептен үйгө чейинки багыты боюнча коопсуздугун камсыз кылуу. Мындан сырткары мектептерге бекитилген жооптуу кызматкерлер сабак учурунда алардын укуктук билимин, жол эрежелерин окуп үйрөнүү багытындагы бир топ окуу иш чараларын өткөрдү”,- деп билдирди ИИМдин патрулдук милиция башкы башкармалыгынын башчысы Эркин Баев.   

Жол коопсуздугун камсыздоодо баардык шартты түзүү маанилүү. Ошондуктан биринчи кезекте 537 мектептин көчөсүндөгү эскилиги жеткен жол белгилери менен жол сызыктары алмаштырылат. Бишкек шаарынын мэриясынын маалыматы боюнча 173 жол белгиси коюлат. Ошону менен бирге быйыл шаардын 51 көчөсү асфальт болуп, 15 жол чырак орнотулат. Өзгөчө мектеп менен бала-бакчалар орун алган көчөлөргө орнотулат.
Акыркы коңгуроого саналуу гана күндөр калды. Быйыл баардыгы болуп 11-классты 62 миң ал эми 9-классты 92 миң окуучу аяктайт. Бул иш чарага байланыштуу 4 миңден ашык милиция кызматкери коомдук коопсуздукту камсыздайт. Республика боюнча да ички иштер бөлүмдөрүндө ири иш чараларды көзөмөлгө ала турган атайын мониторинг штабдар түзүлдү.