Нью-Йорк шаарындагы Таймс-Сквер аянтында автокырсыктан улам 20дай адам жабыркады. Катуу ылдамдыкта келе жаткан машина жөө жүргүнчүлөр өтүүчү өтмөктө адамдарды коюп кеткен.
АКШ расмий өкүлчүлүгү бул окуянын террорирзм менен байланышы бар экенин тастыктай элек. Кырсыктан 1 адам набыт кетип, 20 киши жабыркаган. Полиция кырсык болгондон кийин дароо айдоочуну кармаган.
26 жаштагы айдоочуга мурда дагы мас абалында унаа башкарганы үчүн айып салынган. Күбөлөрдүн айтымында, айдоочу адамдарды атайылап сүзгөн. Унаа алгач карама-каршы тилкеге түшүп, андан соң жөө жүргүнчүлөрдү сүзүп кеткен.