Өлкөдө машина-трактордук станциялардын саны көбөйтүлөт
Новость www

POST1RIGHT

2020-жылга чейин республикада машина-трактордук станциялардын саны 200гө жетет. 

Бул тууралуу премьер-министр Сооронбай Жээнбеков Эл Аралык “Айыл-Агро -2017”  көргөзмө жарменкесинин ачылышында билдирди. 

Быйыл аталган  иш чара бешинчи ирет уюштурулуп, көргөзмөгө аалам алкагынын 20 өлкөсүнүн келген 30дан ашык фирма, ишканалардын айыл чарба  техникалары коюлду. 

Эл Аралык “Айыл-Агро -2017”  көргөзмө  жарменкеси быйыл бешинчи ирет уюштурулуп жатат. 

Иш чарага эки миңден ашык республика аймактарынан дыйкан фермерлер катышууда. Жарменке  19-майга чейин уланат.

Кадыр Калилов, "Биринчи радио"