Улуттук чеберлер таза жүндөн, сымбаты келишкен калпактарды тигип жаткан учурда, кытайлыктар калпак менен бизнесин өнүктүрүп, аны кайра Кыргызстанга алып келип сатууда. Мындай пикирин бүгүн ЖК тин депутаты Тазабек Икрамов айтып, бул көрүнүшкө чара көрүүгө чакырды. Ал арада коомчулукта 5-мартта ак калпак күнүн мамлекеттик деңгээлде баардык аймактарда белгилөө керектигин айтышууда.
Эске салсак, Кыргызстанда кинорежиссер Рысбек Жабировдун сунушу менен 2011-жылдан бери 5-март «ак калпак күнү» катары белгиленип келет. Бул демилге коомчулук тарабынан, өзгөчө жаштар арасында жылуу кабыл алынып, жылыга ар кыл иш чаралар уюштурулууда. Ал эми быйылкы жылы ак калпак күнүн мамлекеттик деңгээлде баардык аймактарда белгилөө керектигин айрым эл өкүлдөрү көтөрүүдө.