Премьер-министр Сооронбай Жээнбеков балдардын жол коопсуздугун камсыз кылуу жана жол кырсыктарынын алдын алууга арналган кеңешме өткөрдү. Өкмөт башчы белгилегендей, аталган багытта тийиштүү мамлекеттик мекмелер тарабынан алдын алуу иштери жүргүзүлүүдө, бирок жетишсиз көлөмдө. Мунун далили – коомчулук тарабынан балдардын катышуусунда жол-унаа кырсыктарынын саны көбөйүп жаткандыгы тууралуу нараазычылыктардын көп айтылып жатканы.
Ички иштер министри Улан Исраилов маалымдагандай, 2017-жылдын төрт айында 1684 жол кырсыгы катталган, анын ичинде 336 окуя балдардын катышуусунда болгон. Билим берүү жана илим министри Гүлмира Кудайбердиева болсо республика боюнча 2238 мектептин 30% жол боюнда жайгашкандыгын айтты.
Бишкек шаарында бул көрсөткүч 32% түзөт. Премьер-министр Сооронбай Жээнбеков республика боюнча жол боюнда жайгашкан мектептердин картасын түзүүнү жана ал аймактарга жол чырактарын коюп, көзөмөл маселесин жакшыртууну тапшырды.