Улуттук коопсуздукту камсыздоо иш-чаралары президентке маалымдалды
Новость

Президент Алмазбек Атамбаев Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин төрагасы Абдил Сегизбаевди кабыл алды. Жолугушууда мамлекет башчысына өлкөдөгү оперативдик жагдай жана улуттук коопсуздукту камсыз кылуу багытында көрүлүп жаткан чаралар тууралу маалымат берилди.

Абдил Сегизбаев терроризм жана диний экстремизм менен күрөшүүнү өркүндөтүү чаралары жана террордук багыттагы кылмыштарды алдын алуу иштерин күчөтүү тууралуу президентке айтып берди.