Россиянын белгилүү ырчысы Вера Брежнева КТРКга эксклюзивдүү интервью берди
Новость KTRK/videograp

Россиянын белгилүү ырчысы Вера Брежнева Кыргызстанга ЮНЭЙДС уюмунун элчиси катары келди. Ал эң эле биринчи "Ала-Тоо 24" каналына келип, "Социум" программасына эксклюзивдүү интервью берип кетти. 

ЮНЭЙДС - БУУнун ВИЧ жана СПИД боюнча бирдиктүү программасы. Вера Брежнева Кыргызстанда жашаган ВИЧ жугузган адамдардын жашоосу жөнүндө кеп козгоп, бир катар көйгөйлүү маселелерди көтөрдү. 

Эскерте кетсек, Вера Брежнева ВИЧ-инфекциясы менен жабыркаган адамдар менен жолугушат. Ошондой эле, саламаттыкты сактоо министрлигинин өкүлдөрү менен да атайын жолугушууларды өткөрөт.