Ысык-Көлдөгү Тамчы аэропортуна Ташкенттен жана Новосибирскиден чартердик каттамдар ачыла турганын Транспорт жана жолдор министрлиги билдирди. POST1RIGHT
Жарандык авиация агенттигинин административдик иштер жана жүк ташууларды жөнгө салуу бөлүмүнүн жетекчиси Алымбек Абакировдун айтымында, 5-июлдан 30-августка чейин Ташкенттен Тамчыга учактар уча баштайт.
Шаршемби күнү 190 орундуу чартердик Boeing 757-231 учагы, Ташкент — Тамчы — Ташкент багыты боюнча учуп, 1 саат 20 мүнөттө келет. Жол киренин баасы 340 долларды түзөт. Ошондой эле Ысык-Көлгө Сибирдин Новосибирск шаарынан да каттам ачылат.
"S7 airlines" авиакомпаниясына таандык 78 орундуу Embraer-170 учагы апта сайын шаршемби жана жума күндөрү Новосибирск – Тамчы – Новосибирск багыты боюнча учат.
Учуу мөөнөтү 2 саат 50 мүнөттү алат. Азыр бул каттамдын жол кире акысы такталууда. Андан сырткары, Астана – Тамчы – Астана, Алматы – Тамчы – Алматы жана Шымкент – Тамчы – Шымкент багыты боюнча дагы эл аралык каттамдарды ачуу болжолдонууда.