Бүгүн аналогдук телекөрсөтүү өчүрүлөт
Новость

Кыргызстанда бүгүнкү күндөн, 2017-жылдын 15-майынын  тарта аналогдук телекөрсөтүү өчүрүлүп, өлкө санарипке өтөт. Өкмөттүн маалыматына ылайык, калктын 95% санарипке кошулду. Телекөрсөтүүлөрдү сапаттуу жеткирүү үчүн өлкө боюнча 54 жерге ретранслятор орнотулду. 

Бирок, сигнал жете элек 326 айылда, жабдуулар орнотулганча аналог телекөрсөтүү сакталып турат. Бул кыштактар негизинен тоолуу аймактардын ойдуң жерлеринде, капчыгайларда жайгашкан. Кыргызстанда санариптик телерадиоберүүгө өтүүгө байланышкан маселелерди чечүү үчүн ыкчам штаб түзүлгөн.