«Таза коом» долбоорун ишке ашырууда эксперт- урбанисттер көмөктөшөт
Новость

Кыргызстандыктардын ыңгайлуу жана коопсуз турмуш деңгээлин жогорулатуу, мамлекеттик кызмат көрсөтүүнүн сапатын жакшыртуу, ишкерликти жана инновациялык технологияларды өнүктүрүү максатында Президенттик аппараттын жетекчиси Сапар Исаков алдыңкы эксперт -урбанисттер менен жолугушту. 


Алардын арасында Москва шаарынын өкмөтүнө караштуу Smart City Lab жетекчиси Эльдар Тузмухаметов, Москвадагы IBM кардарлар борборунун «акылдуу шаарлар» үчүн чечимдердин системалык архитектору Виктор Игнатов бар. 

Жолугушууда Сапар Исаков «Таза коом» улуттук жогорку технологиялык долбоору тууралуу кыскача айтып берди. "Таза коомду" ишке ашырууга комплекстүү мамиле жасап, коомдук транспорт, унаа токтотуучу жайлар, жарыктандыруу, таштандыларды чыгаруу ж.б. чөйрөлөрдү камтуу каралып жатканын белгиледи. Ал эми чакырылган коноктор «Таза коом» долбоорун турмушка ашырууга көмөктөшүүгө даяр экендиктерин билдиришти.