Жеңиш күнүндөгү автожүрүш
Новость

Бишкекте 9-май Улуу Жеңиш күнүнө карата автожүрүш өттү. Шаардын Манас проспектиси менен түштүк магиcтралдын кесилиши тараптан башталып, шаар көчөлөрүн аралап, Жеңиш аянты андан ары Ата-Бейитке чейин уланган жүрүшкө жүздөн ашык жарандар 70тен ашык автоунаа менен чыгышты. Булар негизинен шаардыктар жана авто клубдардын өкүлдөрү болду.

Атактуу Т-34 же жеңиштин куралы. Чопкутталган эң мыкты аскер унаанын жардамы менен Советтик армия Улуу Ата Мекендик согуштун кан майданында душманга каршы турду. Авто жүрүшкө бешинчи жыл катары менен катышып жаткан Вячеслав Ларенко унаасын өзүнчө танкага айланткан. Үстүнө колго тийген буюмдардан эле Т-34 танкасын жасаган.