Жеңиш күнү - ыйык майрам!
Новость

POST1RIGHT

Улуу Жеңиштин 72 жылдыгына арналган иш-чаралардын расмий бөлүгү Бишкектеги Жеңиш аянтында өтүп, митинг-реквиемге президент Алмазбек Атамбаев катышты. 

Анда өлкө башчысы баштаган бир катар жетекчилер өчпөс отко гүлчамбар коюшуп, кыргыз куралдуу күчтөрүнүн жүрүшү орун алды. Андан соң, Алмазбек Атамбаев ардагерлерди куттуктап, согуш талаасында көрсөткө эрдиги жана каармандыктары үчүн аларга ыраазычылык билдирди.

Ошондой эле, мамлекет башчы Улуу Жеңиштин маани маңызына токтолуп, ага кошкон кыргызстандыктардын салымы жөнүндө сөз кылды.