Улуттук стратегиянын жаңы долбоору түзүлүп башталууда
Новость

Президенттин аппараты эксперттер менен бирге 2040-жылга чейинки туруктуу өнүгүү боюнча Улуттук стратегиянын жаңы долбоорун түзүүнү башташты. Эң башкы милдет- дүйнө кайсы багытта баратат жана Кыргызстан ага кантип ыңгайлаша аларын түшүнүү. Адистер азыртадан жакынкы жылдарга карата божомолдору менен бөлүшүп, так иш аракеттердин планын иштеп чыгууну максат кылууда. 

“Ала-Арча” мамлекеттик резиденциясы. Президенттин аппараты ишке тарткан адистердин тобу жумушчу жыйынга мына ушул жерге чогулушкан. Эксперттер бардык чөйрөдөн бар, негизги бөлүгү жогорку технологиялар тармагы жана ишкер чөйрөдөн келишкен. Алар дүйнөлүк процесстерди жана ага кантип ыңгайлашуу керектигин жакшы билишет. Узак мөөнөттүү стратегияны жазуудан мурун дүйнөдө өзгөрүүлөр кайсы багытта баратканын так билүү зарыл. Андыктан адистер биринчи кезекте жакынкы 20 жылда өнүгүү кандай нук менен кетерин талкуулашты. Европа, АКШ жана Орусиянын таасири төмөндөп баратат. Дүйнөлүк саясатта жаңы глобалдык жана аймактык оюнчулар пайда болууда. 

Эң башкысы реалдуу жана ишке ашырыла турган стратегияны иштеп чыгуу зарыл. Ал конкреттүү мөөнөттөргө жана дыкат иш планга негизделген жол картасы болушу керек. Бул тууралуу Кыргызстандын эл аралык өнөктөштөрү да айтууда. Алар өлкө биринчи кезекте кедейчилик менен күрөшүүсү керек деп эсептешет. Эксперттер сапаттуу билим - өнүгүүгө карай негизги жол деп ишенишет. Ал эми квалификациясы жок жумушчу күчү өткөн замандын талабы болгонун, буга карата жакынкы жылдары суроо талап таптакыр жоголот дешет. 

Жыйында адистердин тажрыйбасын, сунуш пикирлерин туура пайдалануу максатында топторго бөлүнүп иштөө чечими кабыл алынган. Социалдык бөлүк, экономика, туризм, экология, технология жана өнүгүү. Маселен туризм тармагын өнүктүрүү боюнча бул тармактын адистеринде чоң пландары бар.Экология жаатындагы көйгөйлөргө да көңүл бурулду. Адис Эмил Шүкүров токойлордун кыйылышы, мергенчиликке тыюу салынбай жана Ысык-Көлдү булгоо токтобой жатканына капа. 2040-жылга чейин бул маселелер чечилбесе туризм да, экономика да өспөйт. 

Ошол эле туризм боюнча Кыргызстандын башка өлкөлөр менен атаандашуусу оңой болбойт. Мисалы Түркия 300 долларга толук кандуу эс алууну сунуштай алат. Адистер мына ушундай арзан бирок сапаттуу жолдорун ойлоп табышы керек. Албетте Абдыгулов сөзүн ашыра чаап айтып жатат, ою толук түшүнүктүү. Чындыгында Кыргызстан жаңы бир нерсе ойлоп табышы керек. Учурда бул маселенин үстүнөн бир канча адистер баш катырып жатышат, экономисттерден тартып маданий кызматкерлерге чейин. Социалдык тармак да талкууга алынды. Эксперттер калктын билим деңгээлин жогорулатуу зарылдыгын баса белгилешти. Ал бала бакчадан тартып, жогорку окуу жайларга чейин камтылышы керек. Бул эксперттердин эки күндүк талкуусунун бир аз гана бөлүгү. Азырынча туруктуу өнүгүү стратегиясынын негизги багыттары гана талкууланууда. Алдыда дагы ондогон жолугушуулар, талкуулар уюштурулат. Адистер жыйынтыгында татыктуу бир долбоорду иштеп чыгабыз деген ишенимде.