Жаза аткаруу мамлекеттик кызматы күчөтүлгөн тартипте иштейт
Новость

1-майдан тарта Жаза аткаруу мамлекеттик кызматы күчөтүлгөн тартипке өтөт. Бул тууралуу мекеменин маалымат кызматынан билдирди. 

10 күнгө созулган күчөтүлгөн режим, май майрамдары убагында коомдук тартипти сактоо, өзгөчө кырдаалдардын алдын алуу максатында жасалууда. Мындан улам, бул күндөрү Жаза аткаруу кызматынын өткөрүү пунктарында көзөмөл күчөй тургандыгын эскертет.