POST1RIGHT
25-27-апрелде Бишкек шаарында стратегиялык объектилерди коргоо боюнча атайын аскердик машыгуу өттү. Анын негизги максаты шаардагы ири ишкана-мекемелердин коопсуздугун камсыз кылуу болуп саналат. Мындай машыгуунун бири Бишкек жылуулук берүү борборунда жүргүзүлдү.
Мындай мобилизациялык окутуу Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн токтому менен негизделет. Ал 2000-жылы 19-майда өкмөттүн чечими менен кабыл алынган.
Ар бир район жана шаарда атайын резервдик рота түзүлгөн, алар ар кандай кооптуу учурларда ыкчам чабуулга өтөт.
Иш-чарага Куралдуу Күчтөрүнүн башкаруу органдарынын жетекчилери, министрлик жана ведомстволор, жергиликтүү жана мамлекеттик органдын кызматкерлери катышты. Айта кетсек, мындай машыгуу шаарда алгачкы жолу өткөрүлдү.
Наргиза Бакытбек кызы, "Биринчи радио"