Аскердин акыбалы заманбап шарттарга ылайыкталат
Новость KTRK/videograp

Өлкөнүн куралдуу күчтөрүн өнүктүрүүгө жана бекемдөөгө мамлекет мындан ары да көңүл бурат. Бул туурасында президент Алмазбек Атамбаев күч түзүмдөрүнүн жетекчилери менен өткөргөн жыйынында билдирди. Анда мамлекет башчысы өлкөдөгү Куралдуу күчтөрдү реформалоонун жүрүшү, аскер түзүлүштөрүн заманбап шарттарга ылайыктап чыңдоо тууралуу күч түзүмдөрүнүн маалыматын укту.

Жыйынга катышкандар Президентке улуттук коопсуздукту жана өлкө коопсуздугун бекемдөө, жарандардын коопсуздугу менен укук тартибин камсыз кылуу боюнча жүргүзүлүп жаткан иштер жөнүндө айтып беришти. 

Президент Алмазбек Атамбаев күч блогунун жетекчилери менен бирге аскер кызматчыларынын үй-бүлөлөрүн социалдык жактан коргоо, анын ичинде турак-жай менен камсыз кылуу боюнча комплекстүү иш-чараларды жакшырта турган пландарын талкуулады.