УКМК: 2016-жылы 17 террордук акт алдын алынган
Новость

2016-жылы Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети 17 террордук актыны алдын алып, буга мекеме кызматкерлеринин өз убагында көрүлгөн ыкчам аракеттери себеп болгон.  Бул тууралуу күн мурун УКМКнын төрагасынын орун басары Рустам Мамасадыков Жогорку Кеңештин тармактык комитеттеринде отчет берип жатып билдирди.

Ошондой эле ыкчам иш-чаралардын негизинде 30га жакын диний экстремисттик уюмдардын ишмердиги токтотулган. POST1RIGHT

Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин ыкчам иш аракеттеринин негизинде өткөн жылы 15 террордук жана 27 диний экстремисттик топтордун ишмердиги алдын алынып, 95 адам кылмыш жоопкерчилигине тартылган. Атайын операциялар учурунда миңден ашык диний экстремисттик маанидеги адабияттар, электрондук коштоочу материалдар табылган.

Расмий маалыматтарга караганда азыркы күндө 500дөн Кыргызстандык террордук уюмдардын азгырыгына кирип, чет мамлекеттерде согуш талааларында жүрүшөт. Андыктан буга жол бербөө максатында мамлекеттик мекемелер өз ара байланышта иш алып баруулары керек дешет адистер.

Азыркы учурда Сирияда жана Жакынкы Чыгышта согуш талааларында Кыргызстандын жарандарынын жүргөнү жашыруун эмес жана алардын көпчүлүгү 30га чыга элек жаш балдар. Андыктан адистер калк арасында түшүндүрүү иштерин улантуу зарылдыгын белгилешет.

Кыргызстан экстремизм жана терроризм менен күрөшүү жаатында башталган иштерин токтотпойт, бул жаатта олуттуу иштер жасалууда. Өлкөнүн күч түзүмдөрүндө террорчулукка каршы күрөшүү жаатында кесипкөй адистерди даярдоого көңүл бурулуп жатат. Ал эми мусулмандар дин башкармалыгы менен дин иштери боюнча мамлекеттик комиссиясы чет жерден билим алып жаткандарга көзөмөл жүргүзүүдө.