Түркия полициясына караштуу тик учак өлкө чыгышында кырсыкка учурады. Бул тууралуу жергиликтүү бийликтин өкүлдөрү билдиришти.
POST1RIGHT
Тик учак Тунжели провинциясынын Пулумур шаарынан абага көтөрүлгөндөн кийин он мүнөткө жетпей жоголуп кеткен. Аймактын губернаторунун маалымат кызматы билдиргендей, тик учакта жети полиция кызматкери, бир судья жана бир армия өкүлү болгон.
Эксперттер божомолуна караганда, кырсыкка аба ырайы себеп болушу ыктымал. Кырсык болгон жерге куткаруучулар жиберилгенин, бирок коюу тумандан улам ал жакка жетиш кыйын болуп жатканын түрк медиасы жазды.