Т.Сариев Балыкчыдагы аскер гарнизонунун абалы менен таанышты
Новость gov.kg

Өкмөт башчы ишемби күнү Ысык-Көл облусуна болгон иш сапарынын алкагында Балыкчы шаарындагы аскердик гарнизондун абалы менен таанышты. 

Белгилей кетсек бул аскер бөлүгүндө азыр жаңы казармалардын курулуш иштери жүргүзүлүүдө. Аскер казармалары Кыргызстан менен Россиянын эки тараптуу аскердик кызматташтык долбоорунун алкагында жүрүүдө. Өкмөт башчысы мындан сырткары аскерлердин машыгуу сабактарына да күбө болуп, курал жарактардын кароосуна катышты. 

Окуунун жүрүшүндө аскердик оор техникалардын даярдыктары да көрсөтүлдү. Белгилей кетсек бул аскер гарнизонунун танкистери Орусияда өткөрүлүп келген Танк биатлон оюндарына ийгиликтүү катышып келген.