Бишкекте Жогорку Евразиялык экономикалык кеңешинин отуруму өтүүдө
Новость

Бишкектеги  "Ала-Арча" мамлекеттик резиденциясында Евразиялык экономикалык биримдиктин Жогорку Евразиялык экономикалык кеңешинин отуруму өтүүдө. Ага биримдикке мүчө мамлекеттердин башчылары менен бирге Молдованын президенти да катышып жатат. 

POST1RIGHT

Себеби жыйындын жүрүшүндө Молдовага биримдиктин байкоочу мүчөсү деген макамды берүү маселеси да каралат. Күн тартибинде ЕАЭБдин алкагындагы актуалдуу маселелер, эл аралык кызматташтык жана Евразия мейкиндигиндеги мындан аркы интеграция талкууланат.