Кыргызстанга Россия, Беларусия, Армения жана Молдованын президенттери келишти
Новость

ЕАЭБдин Жогорку евразиялык экономикалык кеңешинин жыйынына катышуу үчүн Кыргызстанга Россиянын президенти Владимир Путин келди. 



Россия президенти Владимир Путинди премьер-министр Сооронбай Жээнбеков тосуп алды. Ошондой эле, Беларусь Республикасынын президенти Александр Лукашенко да келди. Аны дагы өкмөт башчы тосуп алды. 


Кечээ, 13-апрелде Армения Республикасынын президенти Серж Саргсян жана Молдова Республикасынын президенти Игорь Додон келишкен.



Эскерте кетсек, Жогорку евразиялык экономикалык кеңештин жыйыны Кыргызстандын 2017-жылы Евразия экономикалык кеңешинин органына төрагалык кылуусунун алкагында өтөт.