Бийлик менен байланышууга дагы бир мүмкүнчүлүк
Новость

Ош шаарында онлайн аркылуу кайрылууларды кабыл ала турган мобилдик тиркеме ишке киргизилди. Эми Osh City мобилдик тиркемеси аркылуу шаар тургундары каалаган маселелери боюнча өз пикирлерин бере алат. Бул мобилдик тиркеме аркылуу шаар тургундары мэрияга жана шаардагы 25 муниципиалдык шаардык кызматтарга түз кайрылууга мүмкүндүк алат. 

Башкы максат калк менен жергиликтүү бийлик органдарынын кызматташуусун бекемдөөгө багытталат. Долбоор, калаа бийлиги менен «Юз оф Ош» коомдук бирикмеси тарабынан Биргелешип башкаруу программасынын колдоосу менен ишке ашырылды.

"Шаардыктар мурда эми кагаз жүзүндө кайрылышып, анысы да дарегине жетпей калган учурлар болгон, азыр түз эле онлайн түрүндө, каалаган убакта суроолорун, көйгөйлөрүн билдире алышат",-дейт Ош шаардык мэриясынын өкүлү Урали Романова.