Президент А. Атамбаев Тигран Саркисянды кабыл алды
Новость

Президент Алмазбек Атамбаев Евразия экономикалык комиссиясынын коллегиясынын төрагасы Тигран Саркисянды кабыл алды. Жолугушууда мамлекет башчыга Жогорку евразия экономикалык кеңешинин Бишкекте өтө турган жыйынына даярдыктар тууралуу маалымат берилди. 

Иш-чаранын күн тартиби, биримдиктин алкагындагы кызматташтык талкууланды. Ошондой эле, президент Атамбаевдин уюмга мүчө өлкөлөрдүн алкагындагы бизнестин өнүгүшүнө жагымдуу шарттарды түзүү тууралуу сунушу да каралды.