Президент Алмазбек Атамбаев Коопсуздук кеңешинин катчысы Темир Жумакадыровду кабыл алды. Жолугушууда Мамлекет башчысына улуттук коопсуздуктун абалы жана коопсуздукту андан ары бекемдөө чаралары тууралу маалымат берилди.
Темир Жумакадыров Шанхай кызматташтык уюмуна мүчө өлкөлөрүнүн коопсуздук кеңештеринин катчыларынын 12 - жолугушуусу, анын ичинде Кыргызстандын региондук коопсуздукту камсыз кылуу чөйрөсүндөгү негизги өнөктөшү саналган өлкөлөрдүн делегация башчылары менен эки тараптуу сүйлөшүүлөрүнүн жыйынтыктары тууралу айтып берди. Анын айтымында, терроризмге жана диний экстремизмге каршы туруу үчүн көп жана эки тараптуу форматтагы кызматташтыкты андан ары күчөтүүнүн мааниси баса белгиленди.
Президент Алмазбек Атамбаев улуттук коопсуздукту камсыз кылуу боюнча чаралардын комплексин жандантуу зарылдыгын, андан тышкары азыркы коркунучтар менен сыноолорго каршы турган милдеттерди натыйжалуу аткаруу үчүн негизги чет жердик өнөктөштөр менен кызматташууну күчөтүүнүн маанисин белгиледи.