Башкы прокуратура Канат Исаевдин ишин УКМКга өткөрдү
Новость

Башкы прокуратура Жогорку Кеңештин депутаты Канат Исаевге байланыштуу ишти Улуттук Коопсуздук боюнча мамлекеттик комитетке өткөрүп берди. POST1RIGHT 

Эл өкүлү Токмок шаарынын мэри болуп турганда коррупциялык иштерге аралашкан деп шектелүүдө. Мурда козголгон кылмыш иши токтотулуп, былтыр ноябрь айында ал кайра жанданган. 

Иликтөөлөрдүн жүрүшүндө иш негизсиз токтотулганы аныкталган. Парламенттеги “Кыргызстан” фракциясынын мүчөсүнө өзүнө коюлган айыптарды четке кагып келүүдө.