Эл аралык "Ататүрк - Ала-Тоо" университетинин аты "Ала-Тоо" болуп өзгөртүлдү. Эл аралык "Ала-Тоо" университетинин түзүүчүлөр курамына Билим берүү жана илим министрлиги кирди. POST1RIGHT
Эми жаңы устав иштелип чыгып, Юстиция министрлигинен каттоодон өтөт. Мындан сырткары, окуу жайдын мурунку ректору Осман Гокалптын кызматынын мөөнөтү бүткөнүнө байланыштуу , окуу жайдын жаңы ректору болуп коомдук ишмер, педагогика илимдеринин доктору, профессор Жангороз Каниметов дайындалды.
"Ала-Тоо" университети "Сапат" билим берүү мекемесинин курамына кирет. Буга чейин эл аралык "Себат" билим берүү мекемесинин аты да "Сапат" деп өзгөртүлгөн.