"Дүйнөдөгү туруктуулук ар бир мамлекеттен көз каранды". Мындай пикирин Жогорку Кеңештин төрагасы Чыныбай Турсунбеков Көз карандысыз шериктеш мамлекеттердин Парламенттер аралык ассамблеясы менен Европалык коопсуздук кызматташтык уюмунун Парламенттик ассамблеясы биргелешип уюштурган эл аралык терроризмге каршы күрөшүү боюнча парламенттик конференцияда билдирди.
"Кыргызстан терроризмди чечкиндүү айыптоо менен бирге, бул жааттагы коркунучтарга каршы жүргүзүлгөн улуттук, аймактык жана эл аралык деңгээлдеги иш-чараларды колдойт. Ооганстандагы туруксуз саясий абал жана аталган аймактагы террордук топтордун активдешүүсү - Кыргызстанды да тынчсыздандырып жаткандыгын айтып, биздин өлкө ал жактагы абалдын турукташып, Ооганстандын башка өлкөлөр менен кызматташтыгы чыңдалышына кызыкдар экенин айтты.
Ошондой эле, парламенттер аралык кызматташтыкты арттыруу аркылуу дагы терроризмге каршы биргелешип күрөшүүгө болорун кошумчалады.