Окуучулар арасындагы республикалык олимпиаданын жеңүүчүлөрү сыйланды
Новость

Улуттук филармонияда өткөн иш-чарада информатика, физика, математика предметтери баш болгон 10 сабактан мыкты көрсөткүчкө жетишкен мыкты окуучуларга белектер берилди. 

11-класстын окуучусу Бегалы Чикетаев үчүн кубанычтуу күн. Ал математика сабагынан Республикалык олимпиадага катышуу максатында Таластан Бишкекке чейин атайын келип, жыл бою даярданган. Талыкпаган окуу ага биринчи орунду камсыз кылып берди.

Жеңүүчүлөрдү сыйлоо аземи Улуттук филармонияда салтанат менен коштолду. Окуучулардын жүздөрүндө кубаныч, келечекке болгон үмүт, ишенич бар. Алардын ар бири билимге сугарылган жаштар. Себеби буга чейин райондук, облустук деңгээлдеги олимпиадаларды багындырып, эми республикалык алкактагы билим сынашууда дагы ийгиликке ээ болушту.

Өлкөнүн ар аймактарынан келген 316 окуучу информатика, физика, химия предметтери баш болгон жалпы он сабак боюнча күч сынашкан. Алардын 113ү байгелүү орундарга ээ болушту. Кээ бир мектептердин окуучулары республикалык олимпиадада алгачкы ирет ийгиликке ээ болуп, бүтүндөй мугалимдер жамаатын кубанычка бөлөсө, айрымдар үчүн катышуунун өзү эле жеңиш болду.

Жеңүүчүлөргө акысыз китеп алуу үчүн атайын тастыктамалар тапшырылды. Биринчи орунга ээ болгон айрым окуучулар эми эл аралык деңгээлдеги олимпиадаларга катышат.

11-класстын окуучусу Бегалы Чикетаев үчүн кубанычтуу күн. Ал математика сабагынан Республикалык олимпиадага катышуу максатында Таластан Бишкекке чейин атайын келип, жыл бою даярданган. Талыкпаган окуу ага биринчи орунду камсыз кылып берди.

“Мурда республикалык олимпиадага катыша албай калганмын. Ошондо жакшылап даярдануу керек экенин түшүндүм. Жакшылап даярдануунун арты менен биринчи орунду алып отурам. Агай-эжейлериме рахмат”,-деди окуучулар арасындагы Республикалык олимпиаданын жеңүүчүсү Бегалы Чикетаев.

Жеңүүчүлөрдү сыйлоо аземи Улуттук филармонияда салтанат менен коштолду. Окуучулардын жүздөрүндө кубаныч, келечекке болгон үмүт, ишенич бар. Алардын ар бири билимге сугарылган жаштар. Себеби буга чейин райондук, облустук деңгээлдеги олимпиадаларды багындырып, эми республикалык алкактагы билим сынашууда дагы ийгиликке ээ болушту.
Өлкөнүн ар аймактарынан келген 316 окуучу информатика, физика, химия предметтери баш болгон жалпы он сабак боюнча күч сынашкан. Алардын 113ү байгелүү орундарга ээ болушту.