Өлкөдөгү калктын 95 пайызы санарипке өтүүгө даяр
Новость

Санарипке толук өтмөйүнчө 326 айылда аналогдук телевидение өчүрүлбөйт. Бул тууралуу Маданият, маалымат жана туризм министри Түгөлбай Казаков билдирди. POST1RIGHT

Анын айтымында, бул калктуу аймактарда азырынча санариптик телевидениеге кошууга мүмкүнчүлүк жок. Ретрансляторлор орнотулган соң баскыч-баскыч менен санариптик телевидениеге өткөрүлөт. 

Жалпысынан санариптик берүүгө өтүүгө калктын 95 пайызы даяр. Өлкөдөгү базарларда ресиверлер сатылып жатат. Учурда анын 5 түрү орточо 900 сомдон сатылууда. Белгилей кетсек, Кыргызстан быйылкы жылдын 15-майынан тартып санариптик берүүгө өткөнү турат.