Коргоо кеңеши кайрадан Коопсуздук кеңеши болуп өзгөрдү
Новость www

“Коргоо жана коопсуздук чөйрөсүндөгү айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө” Мыйзамдын долбоору парламентте колдоо таап, ага президент кол койду. Демилгени Баш мыйзамды өзгөртүүнү демилгелеп чыккан депуттар алып чыгышып коомдук талкууга да койгон. Максаты, айрым жагдайларды жаңы кабыл алынган Конституцияга ылайыкташтыруу болуп саналат. Ал эми талдоочулар бул мезгил талабы дейт. 

Андан сырткары жыл башында Куралдуу Күчтөрүнүн Кургактагы аскерлери түзүлдү. Ал өлкөнүн аскердик коопсуздугун андан ары бекемдөө максатын көздөйт. Өлкө башчынын жарлыгына ылайык, Кургактагы аскерлеринин командачылыгы Генералдык штабына тике баш ийген, кургактагы аскер бирикмелеринин, бөлүктөрүнүн жана мекемелеринин башкаруу органы болуп аныкталды.

Сүймөнкул Идирисов, "Биринчи радио"