Кыргызстандын чакан алты шаарларын өнүктүрүү мерчемделүүдө
Новость www

Кыргызстандын чакан шаарларын өнүктүрүү жана аларды жаңы багытта коомго көрсөтүү үчүн  өлкөнүн 6 шаары тандалып алынды. Бул шаарлардын инфраструктурасын  оңдоо жана аларды  белгилүү бир бренд менен башка өлкөлөргө таанытуу максаты турат. 

Бул демилгени ишке ашыруу  үчүн “Шаар демилгелери” коомдук фонду, Россиядан  Святослав Мурунов аттуу экспертти атайын чакыртышкан. Анын жардамы менен 6 шаардын активисттери жана муниципалдык кызматкерлери өз аймагынын брендинин үстүндө иштөөгө үйрөнүшөт. 

Бегайым Абдыкадырова, "Биринчи радио"