Жогорку соттун судьясы тандалат
Новость

Президент Алмазбек Атамбаев, Турсунгүл Чаргинованы Жогорку соттун судьялык кызматына талапкер катары карап көрүүнү Жогорку Кеңешке сунуштады. Бул тууралуу президенттин Жогорку Кеңештеги өкүлү Молдакун Абдылдаев Конституциялык мыйзамдуулук, соттук-укуктук маселелер боюнча комитеттин жыйыны учурунда билдирди. 

Добуш берүүнүн жыйынтыгында Чаргинованын талапкерлиги палатада кароого жиберилди.