Улуттук университеттин проректору пара менен кармалды
Новость ria.ru

Кыргыз мамлекеттик улуттук университетинин проректору пара берип жаткан жеринен кармалды. Бул туурасында Бишкек шаардык ички иштер башкармалыгынын бешинчи башкармалыгынан билдирди. 

Тартип сакчылардын айтымында, ректордун чарба иштери боюнча орун басары административдик акча каражаттарын сарптоодо мыйзамсыз иш-аракеттерге барган. 

POST1RIGHT

Ал окуу жайдын башкы эсепчиси менен биргеликте кайсы бир банк аркылуу акча каражатын өз кызыкчылыгы үчүн белгисиз эсепке которууну көздөгөн. 

Проректор коррупциялык схеманы байкап калган 5-башкармалыктын кызматкерлерине бул ишти жаап коюу максатында пара сунуштаган. Тергөө ишине байланыштуу аты-жөнү айтылбаган бул кызматкер учурда убактылуу кармоочу жайга киргизилди.