“Facebook” атайын алгоритм иштеп чыкты
Новость

“Facebook” социалдык тармагы өзүн - өзү өлтүрүүгө ыктаган колдонуучуларды жасалма интеллект менен аныктап, таап чыгат. Бул тууралуу “Би-Би-Си” радиосу билдирди. 

Механизм кооптуулук жараткан чалууларды, жазылган комментарийлерди анализдеп, алынган маалыматтарды иликтөөчүлөрдүн командасына жиберет. Бул программа боюнча иштеген атайын топтун жетекчиси суициддин алдын алган чаралар “пайдалуу гана эмес, абдан зарыл болуп турганын” айтты. Азырынча долбоор АКШда гана ишке кирген.