Куралдуу күчтөрдүн Башкы штабы мыкты командирлерди аныктоо үчүн мелдеш уюштурууда. Ага Куралдуу Күчтөрдүн роталарынын жана батальондорунун командирлери катышып, кесиптик чеберчилигин көрсөтүүдө. Иш-чара аскер бөлүкчөлөрүнүн жетекчилеринин талаа жана кесиптик тажрыйбаларын арттыруу максатында уюштурулду.
Сынакта командирлердин методикалык жана жеке даярдыктарына өзгөчө көңүл бурулууда. Төрт күн бою офицерлер дене-тарбия, саптык ок атуу, жетектөөчү документтерди билүү жана согуштук техникаларды башкаруу боюнча нормативдерди аткарышат. Мелдеш 19-февралда жеңүүчүлөргө сертификаттарды, ардак грамоталарды жана баалуу белектерди тапшыруу менен аяктайт.