TechWomen делегациясы Кыргызстанда
Новость

28-февралда Бишкекте дүйнөдөгү ири IT-компанияларды түзгөн "TechWomen" делегациясынын жолугушуусу болот. Бул Кыргызстандагы IT-форум менен информация - коммуникациялык технологиялар жумалыгына карата өткөнү жатат. Делегациянын курамында 16 адам бар. Ага илим, технология, инженерия жана математика боюнча адистер кирет. 

Ошондой эле, дүйнөдөгү ири компаниянын өкүлдөрү, Twitter компаниясынын вице-президенти Нандини Рамани, NASA изилдөө борборунун программалык директору Лидия Швец, LinkedIn компаниясынын техникалык кызматкери Рима Акрас, Symantec компаниясынын башкы программалык менеджери Деванши Шет жана жергиликтүү IT-компаниялардын өкүлдөрү, Жогорку технологиялар паркынын резиденттери, мамлекеттик мекемелер менен окуу жайлардын студенттери катышат.