Өзбекстандагы азоттук жер семирткич чыгарган ири заводдо жарылуу болду. Бул тууралуу өлкөнүн Өзгөчө кырдаалдар министрлиги билдирди.
Жарылуу 23-февраль күнү Фергана шаарындагы "Ферганаазот" заводунда болгон. Кырсык болгон учурда аммиак сакталган цехте оңдоп-түзөө иштери жүрүп жаткан. Жарылуунун кесепетинен бир канча адам каза болгону айтылууда.
Мекемеден билдиргендей, учурда кырсыктын келип чыгуу себептерин аныктоо жана курман болгондордун туугандарына жардам көрсөтүү иштери жүрүп жатат. “Ферганаазот” ишканасы химиялык жерсемирткичтерди чыгаруу менен алектенет.