POST1RIGHT Ош шаарында дал ушул принципти бекем тутунган мекенди коргоочулардын династиясы бар.
«Чек арачы Даурен Жаймаганбетов», деген ысымдын кыргыз чек арачыларынын тизмесинде сыймыктуу да, салмактуу да орду бар. Бул кесипке капысынан келип калган ардагер, бир аз убакыттан ичинде эле, кесибине баш-оту менен берилип кеткенин айтат.
Ардагер, дээрлик 40 жылга чукул өмүрүн Кыргыз-Кытай чек ара тилкелериндеги чек ара заставаларында кызмат өтөгөнгө арнаган. Бул жылдар аралыгында, кесипкөйлүүлүгүнүн мыкты аткара билгендигинин арты менен «легендарлуу чек арачы» деген баркка ээ болгон.
« Ата-Мекенди коргоо, ар бир эр азаматтын атуулдук ыйык милдети» принцибин карманган чек арачы, уул-неберелерин да чегарачы кесибинин ээси болууга тарбиялаган. Жаймаганмедовдордун династиясынын учугун азыр -Сүйүнтай Жаймаганметов улантууда.
Өсүп келе жаткан муунду мекенге кызмат кылууга даярдоо максатында, 2010-жылдан тартып, республиканын ар кайсы аймактарындагы орто мектептерде «Жаш чек арачы» класстары ачылган. Азыркы тапта, мындай класстардын саны 80 ге жакындады. Бул класстар негизинен: мамлекеттик чек ара кызматынын аскер бөлүктөрү, чек ара заставалары жакын жайгашкан аймактарда ачылган.
Мекенге болгон сүйүүнү жогорку класста гана ойготууга мүмкүн дегенге болбойт. Маселен, мына бул, «Катардагы жоокер», «Курал кармаган жоокер» деген сүрөттөр 3-4-класстын окуучуларынын калемине таандык. Демек, мекенге болгон урмат-сый балдардын жаштайынан эле байкала баштайт. Анан албетте, мекен темасындагы ырлардын жаштарды патриоттуулукка үндөөдө орду чоң.
Элибиздин бүгүнкү жана эртеңки бейпил жашоосу, мамлекетибиздин коопсуздугу, биздин тайманбас, эр жүрөк жоокерлерибиздин колунда экендиги талашсыз.