Орусияда Зиканын алгачкы учуру катталды
Новость www.tuasaude.com

Орусияда Зиканын алгачкы учуру катталды. Азыркы тапта Доминикан Республикасында эс алып келген вирусту жуктуруп алган  Москва шаарынын тургуну стационардык дарылануудан өтүп жатат. Вирусту жуктуруп алгандар Никарагуада көбөйүүдө. Колумбияда үчөө каза болду. Кытайда да бир учур белгилүү болгон. 

POST1RIGHT

Кошумчалай кетсек,  оорунун учурлары  30 өлкөдө катталды. Бразилияда микроцефалия менен төрөлгөн балдардын саны 462ге жетти. Дээрлик төрт миң адамда бул илдет шектелүүдө.

Өткөн жылы катталган 3 өлүмдүн учуру  дал ушул Зика  вирусунун өтушүп кеткендигине   байланыштуу   болгондугун  өлкөнүн саламаттык сактоо мекемеси билдирүүдө. Зика ошондой эле Никарагуа, Боливия, Колумбияда  катталса,  өткөн аптада эле Кытайда  да бир учур белгилүү болгон .