Көрүүчүлөр кайсы каналды көп көрүшөт? Кайсы көрсөтүү кызыктуу жана кайсы убакта сыналгыны көбүрөөк карашат? Эми мунун баарын "Media Hills" теле ченегич компаниясынын жаңы долбоорунун негизинде билип турууга мүмкүн болду. Бул долбоор телеканалдардын рейтингин жана пайдалуу жана кызыктуу берүүлөрдү аныктайт. Белгилей кетчү нерсе, маалыматтар ар 2-3 мүнөттө жаңыртылып турат. Учурда Кыргызстанда мындай изилдөөлөр аз жүрөт. Негизинен, жеке жана коммерциялык каналдар гана рейтинг аныктоочу изилдөөлөрдү өткөрүп келген.
“Биздин көрүүчүлөр кайсыл көрсөтүүнү көп көрөөрүн билбейбиз, ошондуктан кайсыл берүүнү эфирге көп коюш керек жана кайсы берүүнү токтотуу керектигин билбейбиз, бул учурда ресурс жана акча бекер эле сарпталып кала берет”,- деди КТРКнын башкы директору Илим Карыпбеков.
Ошондой эле, "Media Hills" долбоорунун жетекчиси Андрей Бояров мониторинг аркылуу телеканалдардын рейтингин аныктай тургандыктарын билдирди.