Орусияга агылган мигранттардын саны көбөйдү
Новость KTRK/videograp

Орусияда 544 миң кыргызстандык бар. Экономика министринин орун басары Кылычбек Жакыповдун маалыматы боюнча, Кыргызстандын Евразия экономикалык биримдигине кошулушу менен мигранттардын агымы көбөйдү. Жарым жылда Орусияга кеткендерин саны былтыркыга салыштырмалуу 2%га көбүрөөк болду. Ал эми алардан келген акчанын көлөмү 2015-жылы 28%га төмөндөгөн. 

Ошол эле учурда КМШ өлкөлөрүндөгү мигранттардын жиберген каражаты бизге салыштырмалуу өтө төмөн. Өзбекстан менен Тажикстандагы мигранттардан келген акчанын көлөмү 40-60 % чейин азайган. 

Эгер Кыргызстан Евразия экономикалык биримдигине кирбесе, биздин мигранттардын кирешеси төмөн болуп, мекенине акча жөнөтө албай калмак, - дейт Кылычбек Жакыпов.