ЕАЭБ алкагындагы милдеттер өкмөттүн келечектүү багыттарынын бири болуп эсептелет
Новость www

Евразиялык экономикалык биримдик алкагындагы милдеттер өкмөттүн келечектүү багыттарынын бири болуп эсептелет. Бул тууралуу өкмөт башчы Сооронбай Жээнбеков кыргыз-казак чек арасында жаңылоо иштери жүрүп жаткан көзөмөл-өткөрүү бекеттерин кыдыруу учурунда  билдирди. Премьердин айтымында, ЕАЭБтен күтүлүп жаткан кирешелерди максималдуу түрдө алууга  болгон аракеттерди көрүү керек. Өткөрүү бекеттеринен сырткары ветеринардык-фитосанитардык лабораторияларды куруу иштери жүрүүдө. 

Азыркы тапта  кыргыз-казак чек арасында жайгашкан «Токмок» жана «Кең-Булуң-атожол» көзөмөл-өткөрүү пунктарында реконструкциялоо иштери жүрүп жатат. Алды менен аз күндөн кийин Токмок-автожол комплекси ишке берилмекчи. Иштин жүрүшү менен жеринде таанышкан өкмөт башчы Сооронбай Жээнбеков ЕАЭБтен күтүлүп жаткан кирешелерди максималдуу түрдө алууга  болгон аракеттерди көрүү керектигин белгиледи.

Мээрим Абдраманова, "Биринчи радио"