Ноокатта курулган чакан гидроэлектростанция ишке берилди
Новость

Ноокаттагы Кыргыз-Ата айылына чакан гидроэлектростанцияны жергиликтүү эле ишкер куруп, аны элге пайдаланууга берди. Ноокаттын Кыргыз-Ата айыл өкмөтүндөгү айрым айылдарда электр жарыгы жетиштүү деңгээлде берилбегенине бир топ жыл болгон. Шамдай болуп араң үлбүрөп күйгөн жарык да көп учурда маал-маалы менен өчүп турат. Мындан улам, элеттиктерге чакан гидро электрстанция куруу муктаждыгы келип чыккан. 

Аймакка наркы 30 миллион сом акча каражаты сарпталган чакан гидро электр станциясы курулуп бүтүп, пайдаланууга берилди. Бирок, бул обьект - буга чейин тартылып келген негизги электр чубалгыларына улануу менен кошумча гана кубаттуулукту бере алганга гана күчү жетет.  Ал арада, Кара-Кой айылында экинчи чакан гидроэлектростанциянын курулуш иши башталды. Курулушун келээрки жылга бүткөрүүнү болжоп жатканын ишкер гидро электростанция пайдаланууга берилген күндөн тартып, аймактагы социалдык обьектилер электр жарыгы менен үзгүлтүксүз камсыз болот деп ишендирүүдө.

Кыргыз-Ата менен Кара-Кой айылдарындагы чакан гидро электростанциялардын бирдей иштеши менен, 7000 ден ашуун жашоочусу бар эки айылдын электр жарыгына болгон муктаждыгы толук чечилет. Ошол эле учурда электр жарыгын үнөмдүү пайдалануу зарыл экендигин эскертет.