15-февраль Ооган согушунан советтик аскерлердин чыгарылгандыгынын 28 жылдыгына карата, согуш талаасында баатырларча курман болгон мекендештерибиз Жалал-Абад облусунда эскерилди. Ооган апаатына Жалал-Абад облусунан 2 миңден ашык эр жигиттер аттанган.
Андан 28 жоокер согуш талаасында баатырларча каза болуп, 1 жоокер ушул күнгө чейин дайынсыз.
Эскерте кетсек, 1979-жылы башталган Ооган согушу 10 жылга созулган.