POST1RIGHT Чек ара тилкелериндеги чыр чатактарга бөгөт коюда биргелешип көзөмөлдөө натыйжа бергенин кыргыз-тажик чек ара башчыларынын жолугушуусунда айтышты. Башкы чек арачы Мирбек Касымкулов менен Тажикстандын УКМКсынын чек ара аскерлеринин Колбашчысы Раджабали Рахмонали кыргыз-тажик чек арасында жолугушушту.
Анда эки тарап, кыргыз-тажик чек арасындагы жана КМШ өлкөлөрүнүн тышкы чек араларындагы кырдаал боюнча пикир алышып, алдыдагы кызматташуунун келечегин талкуулашты.
Сүйлөшүүнүн жүрүшүндө эки тарап мамлекеттик чек арада орун алчу чыр-чатактардын алдын алуу, болтурбоо жана аларды жөнгө салуу боюнча биргелешкен иш-чаралар тууралуу пикир алышты. Чек арадагы жаңжалдардын алдын алууда жергиликтүү бийлик өкүлдөрүнүн ишин жандандырууну айтышты. Буга чейин кыргыз-тажик чектешкен аймагында эки тараптуу биргелешкен көзөмөл жакшы натыйжа берген.