Зика вирусуна каршы күрөш уланууда
Новость unmultimedia.org

Зика вирусунун эпидемиясы башталган биринчи өлкө болгон Бразилиянын саламаттык сактоо министри, Американын Техас университети менен кызматташтык түзүлгөнүн жана 1 жыл аралыгында Зика вирусуна каршы вакцина жасалышы мүмкүн экенин билдирди. 

Изилдөөлөрдү жүргүзүү үчүн Бразилияга барган илимпоздор лабораторияларда текшерүү жүргүзүүдө. Адистер Зика менен тукуму бир болгон сары калтыратма вирусуна каршы вакцина жасалганын, ушул жол аркылуу кеңири колдонулуучу дары жасоо иши кыскартылышы мүмкүн экенин белгилөөдө.

Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюмунун көрсөткүчтөрүнө караганда, жалгыз гана Бразилияда вирусту жугузуп алгандардын саны 22 миңден ашты. Бразилия менен катар көптөгөн өлкөдө вирустун жайылышына себепчи болгон чиркейлерди жок кылуу үчүн да аракеттер жүрүп жатат. Бул вирус Кытайга да жеткени маалымдалган.