УКМК: Мегаком уюлдук компаниясынын тегерегиндеги коррупциялык иштер
Новость

POST1RIGHTУлуттук коопсуздук мамлекеттик комитети Мегаком уюлдук компаниясынын тегерегиндеги коррупциялык иштер боюнча текшерүүлөрүнүн алдын ала жыйынтыктарын жарыялады. 

Атайын кызматтар “Альфа Телеком” боюнча Белизден алынган маалыматтар жана ага айрым кыргыз саясатчыларынын катыштыгы боюнча жагдайларды иликтөөгө алган.

Анда белгилүү болгондой 2010-жылы “Альфа Телеком” компаниясынын 49 пайызы гана улутташтырылып, кызыкдар тараптар калган 51 пайыз акциясын каржылык көз боёмочулук кылуусуна атайылап шарт түзгөнү айтылат.

 Маалыматта бул аракеттер 2010-жылдын апрель айларынан тарта эле жасала баштаганы белгилүү болгон.

Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети мындан жети жыл мурун Альфа Телекомдун 49 пайыз акциясынын улутташтырылышынын мыйзамдуулугун текшерүүгө алган. Негизи ошол убакта эле компаниянын 100 пайыз үлүшү мамлекетке өтүшү керек болчу.