Сасык тумоо өлкөдө кайрадан күч ала баштады
Новость

Сасык тумоо өлкөдө кайрадан күч ала баштады. Саламаттыкты сактоо министрлигинин маалыматы боюнча, бул жумада сасык тумоо менен ооругандардын саны кайрадан көбөйө баштады. POST1RIGHT

Илдеттин өсүшү Ош менен Баткен облустарынан башка бардык аймактарда байкалууда. 

Мектептерде балдардын сабакка катышуусуна мониторинг жүргүзүлүп жатат. 

Министрлик маалымдагандай, мурдагы жылдары сасык тумоонун күч алган мезгили январь, февраль айларына туш келсе, быйылкы жылы жугуштуу илдет кыш башталбай жатып күч алган. 

Ноябрдын аягында сасык тумоодон улам, Бишкекте жана башка айрым аймактарда мектептердеги окуу токтотулган. 

Учурда бардык аймактардагы ооруканаларда сасык тумоо менен ооругандар үчүн кошумча орундар каралууда.