Орусия Кыргызстанга аскер техникаларын тапшырды
Новость genstaff.gov.kg

Кечээ,10-февралда борбор калаадагы  Эл аралык “Манас” аэропортунда Орусиядан келген аскер техникалары кабыл алынды. БТР-70М соот транспорту жана БТРдин механик-айдоочуларын интерактивдүү окутуу үчүн компьютердик жабдыктар Орусиянын Коргоо министрлиги тарабынан аскердик-техникалык кызматташтыктын алкагында КР Коргоо иштери боюнча мамлекеттик комитетине тапшырылды. Бул тууралуу аталган комитеттин басма сөз кызматынан билдиришти.

Аскердик-техникалык мүлктөрдү тапшыруу аземине Куралдуу Күчтөрдүн генералдык штабынын,  Коргоо иштери боюнча мамлекеттик комитетинин жана Екатеринбург шаарынын сооттанк оңдоо заводунун өкүлдөрү катышты.

Орусия тарабынан Кыргызстанга көрсөтүлүп жаткан аскердик-техникалык жардамдар буга чейинки мамлекеттер ортосундагы келишимдерге ылайык жүргүзүлүп жатат. Бүгүнкү күндө Орусиядан  аскердик-техникалык жардам багытында биздин республикага сооттанк техникалары, запастагы бөлүктөрү менен артиллериялык системаларды жана ар түрдүү аткыч куралдардын ок-дарыларын  кайтарымсыз негизде тапшырган.