Министрлер Кабинетинин Төрагасынын биринчи орун басары Арзыбек Кожошев Көз карандысыз Мамлекеттер Шериктештигинин Экономикалык кеңешинин жыйынына катышты. Кеңешменин жүрүшүндө токой чарбасы жана токой тармагы чөйрөсүндө кызматташуу, инновациялык кызматташтыкты жакшыртуу боюнча чечимдер кабыл алынды.
Көз карандысыз Мамлекеттер Шериктештигинде Архитектура жана шаар куруу жылын өткөрүү жыйынтыгы боюнча маалымат каралды. Белгилей кетсек, Көз карандысыз Мамлекеттер Шериктештигинин Экономикалык кеңешинин кезектеги жыйыны Москвада өтөт.